Кыргызстанда сүт өндүрүү жогорулады.
Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, былтыр 1 миллион 444,5 миң тонна сүт өндүрүлдү.
Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга көп. Өндүрүштүн жогорулашы көбүнчө Нарын,
Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Буга чарбачылыкта уйлардын көбөйгөнү себеп.
Белгилеп кетсек, жергиликтүү сүт продукциясы жакынкы батыш өлкөлөрүнө экспорттолот