Өкмөт 5 IT-компаниясында кызматкерлердин санын азайтып, аларды бир мамлекеттик ишканага бириктирет

Өкмөт 5 IT-компаниясында кызматкерлердин санын азайтып, аларды бир мамлекеттик ишканага бириктирет. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын санарип трансформация бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков билдирди.

 

Анын айтымында, мындай чара административдик персоналды кыскартып, жумушка программисттерди тартууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Бул өз кезегинде, сапаттуу продукт чыгарып, аларды колдонууга шарт түзөт. Учурда министрлер кабинетинин токтом долбоору мамлекеттик органдарда макулдашуу процедурасынан өтүп жатат.