Коронавирустан эмдөө шариятка каршы келбейт

Коронавирустан эмдөө шариятка каршы келбейт. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти.

 

Кеңеш вирустун кеңири жайылып жатканын эске алуу менен эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналарына токтолду.

 

Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.