Өкмөт жогорку окуу жайларда келишим төлөмдөрүн төмөндөтүү суроосун карап жатат

Өкмөт жогорку окуу жайларда келишим төлөмдөрүн төмөндөтүү суроосун карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жарыялады. Анын айтымында, айрым университеттер өткөн жылдан бери аралыктан иштеп жатат.

 

Кээ бир жетекчилер студенттерди түшүнүп, контракт төлөмдөрүн 1 миң сомго азайтты. Учурда өкмөт төмөндөтүүнүн башка механизмдерин карап жатат.

 

Белгилеп кетсек, студенттер буга чейин бир нече жолу контракт акчасын арзандатууну суранышкан. Буга жүйө катары алар пандемия маалында үй-бүлөлөрдө акча жетишсиз болуп жатканын айтышууда.