Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы жаңы мектептин
курулушуна капсула салуу аземи болду. Ошондой эле Новопавловка
айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин кошумча имаратынын
курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик
агенттигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,
курулуш иштерине жалпысынан 140 миллион сом каралды.