Кыргызстанда эң мыкты видео сабакка республикалык сынак жарыяланды

Кыргызстанда эң мыкты видео сабакка республикалык сынак жарыяланды.

Сынактын максаты – таланттуу жана жөндөмдүү мугалимдердин эмгегин,

чыгармачыл изденүүсүн баалап, маалыматтык-коммуникациялык жана

технологиялык компетенциясын жогорулатуу. Сынак үч этап менен өткөрүлөт.

Конкурска менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү

мектептеринин мугалимдери өз алдынча катыша алат.

Видео сабактар кыргыз жана орус тилинде болушу зарыл.