Колумбия ресторандарынын биринде эми алтынды даамдап көрсө болот

Колумбия ресторандарынын биринде эми алтынды даамдап көрсө болот. Тамактануучу жайдын менюсунда уникалдуу бургер пайда болду. Ал нан, куурулган картөшкө, сыр, эт жана 999-пробадагы алтындан турат.

 

Мындай алтын эң таза болуп эсептелип, зер буюмдарды жасоодо колдонулат. Белгилеп кетсек, бул ресторанда ашпозчулардын жумушу дагы зергердикиндей эле.

 

Эгер алтындын баракчасын туура эмес кармап алса эле, ал айрылып калат. Алтын бургердин баасы 2 миң доллар, же 160 миң сомдон ашат.