Кыргызстандын мамлекеттик гербине 27 жыл толду.
Башкы символика 1994-жылы, 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган.
Гербдин авторлору — Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев. Гербдеги канаттары
жайылган шумкар мамлекеттин эркиндигин билдирсе, ортосунда Ысык-Көл,
Ала-Тоонун тартылган. Кийин гербдин жээгине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган.
Жогору жагына «Кыргыз», төмөн жагына «Республикасы» деп жазылган