Айыл чарба министрлиги “ДыйканДос” аталышындагы Telegram-ботту ишке киргизди. Ведомство маалыматына ылайык, чат-бот дыйкандарга маалымат берүү жана аларды мамлекеттик программалар, гранттар, керектүү документтер жана күбөлүк жөнүндө ыкчам түрдө кабардар кылуу максатында түзүлдү.
“ДыйканДос” чат-ботту колдонуу үчүн Telegram мессенджерине жазылуу гана жетиштүү.