“Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары аяктады

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында уюштурулган “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары аяктады.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Чындыкка жакын өткөрүлүп, үч күнгө созулган иш-чарада мамлекеттик, жергиликтүү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн аскердик жана өзгөчө абал учурунда биргелешип кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш аракеттери текшерилди.

Жыйынтыгында эң активдүү катышуучулар ведомстволук медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланды.