25-майга карата эртең республика боюнча 3 миң 400 милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

25-майга карата эртең республика боюнча 3 миң 400 милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинен эскертишти. Быйыл экинчи ирет “Акыркы коңгуроого” салтанаты

онлайн форматта өтө турганы менен, тартип сакчылар күчөтүлгөн режимде иштейт.  Буга чейин

ата-энелерге жана бүтүрүүчүлөргө жаратылышка чыгып эс алууга жана ресторан, кафелерде кечелерди

уюштурууга болбой турганы айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ведомстводон эскертишкендей,

тартипке баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт.