Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн тартип уставы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 116 Мыйзамы менен кабыл алынган куралдуу күчтөрүнүн тартип уставынын 75-пунктунун б пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди.