Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Ульянов облусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун 14ү Кыргызстандын жарандары экенин ырастады.
Маалыматка ылайык, дагы үч киши ооруканада жатат.
Учурда алардын тек-жайы такталууда.
Жол кырсыгы кечээ, 21-августта «Урал» трассасында болгон.
Окуяга күбөлөрдүн айтымында, токтоп турган кичи автобусту чоң жүк ташуучу машине сүзгөн.
Кичи автобустагылар орус-казак чек арасынан өтүп, кайра Россияга кайтып келатышкан.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү тарапка каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.