Коронавирус коркунучунан улам бет каптарды кымбат баада саткан дарыканалар боюнча сот териштирүү жүргүзөт

Коронавирус коркунучунан улам бет каптарды кымбат баада саткан дарыканалар боюнча сот териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

 

Андан белгилешкендей, Бишкек дарыканаларында атайын рейд уюштурулуп, бет каптардын бир даанасы 15 сомдон 50 сомго чейин сатылып жатканы аныкталды. Финполиция мындай учурда 1955, 0 312 323 091  номерлерине чалууну өтүнөт.