Сузакта коронавирус жуктуруп алган 3 адам менен бир учакта чогуу учуп келген 135 жүргүнчү табылып, обсервацияга алынды

Сузакта коронавирус жуктуруп алган 3 адам менен бир учакта чогуу учуп келген 135 жүргүнчү табылып, обсервацияга алынды. Ал үчөө менен байланышта болгон 300 адам да медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, баарынан тең анализ алынып, текшерүү жүрүп жатат. Исаков кошумчалагандай, умрага барып келген кыргызстандыктардын жалпы саны 1 миңге жакын адам. Алардын 75 пайызы ким экени такталып, үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.