Коронавирус аныкталган жарандар менен бир каттамда келген 64 адам ооруканага жаткырылды

Коронавирус аныкталган жарандар менен бир каттамда келген 64 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Эске салсак, Сузак районунда коронавирус жуктургандар аныкталып, ал жакта өзгөчө кырдаал киргизилди.

 

Үч киши Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланууда.