Коронавирус тест-системалар аркылуу аныкталат

Коронавирус тест-системалар аркылуу аныкталат. Бул тууралуу бизге Республикалык штабдан билдиришти. Андан такташкандай, тест-система менен ооруга шектүүлөрдөн мазок алынат.

 

Ал вирус боюнча диагнозду 95-99 пайызга туура аныктап берет. Белгилеп кетсек, тест-системаларды Кыргызстанга Россия, Түркия жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тапшырган.

 

Алардын саны учурда жетиштүү, — дешти Республикалык штабдан. Эске салсак, кечээ өлкөдө коронавирус аныкталган алгачкы 3 адам катталды. Учурда алар дарыланууда.