Өзгөчө абал режимин бузгандарга айып салынат.
Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка караганда, күндүз үйдөн чыгып өзгөчө абал режимин бузган жеке
жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Аталган жаза Коменданттык саатты бузган жарандарга да тиешелүү.
Ал эми коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандар 1 миң сом,
юридикалык жактар 5 миң сом төлөөгө аргасыз болушат. Карантин,
обсервация режимдерин сактабагандык, ооругандыгы тууралуу
маалыматты жашыруу жана башка адамдарга коронавирус
жуктурган шартта жарандар 60 миң сомго чейин жазага тартылат.