Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларация кампаниясынын экинчи этабынын мөөнөтү жылдырылат

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларация кампаниясынын экинчи этабынын мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, киреше боюнча отчет тапшыруунун мөөнөтү азырынча белгилене элек.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патент алгандар, жеке жактар, транспорт, батир, үй жана жер участогу барлар  декларанцияны 1-апрелге чейин тапшырышы керек болчу.