Кыргызстандагы менчик бала бакчалар дагы жабылат. Билим берүү министри Каныбек Исаков мектепке чейинки билим берүү тармагындагы уюмдардын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка кол койду.
Ага ылайык, 20-марттан 8-апрелге чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан бардык бакчалар ишин токтотот. Буга чейин коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык ыкчам штаб 20-марттан тарта эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин бала бакчалар ишин токтото турсун деп сунуш кылган.