Коронавируска каршы алгачкы вакцина 1,5 жылдан кийин гана чыгышы ыктымал

Коронавируска каршы алгачкы вакцина 1,5 жылдан кийин гана чыгышы ыктымал.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет.

Вакцина иштеп чыгуу изилдөө иштерине көп убакыт талап кылынат.

Ага чейин вируска каршы жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр пайдаланылат.

Бүгүнкү күндө илдетти жуктуруп алууну алдын алчу жолдор бар, — дешти адистер.

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1 миңден ашты.

Ал эми жалпы жуктуруп алгандардын саны 43 миңден ашты.