Бишкекке быйыл газ менен жүрүүчү 100гө жакын автобус алынып келет

Бишкекке быйыл газ менен жүрүүчү 100гө жакын автобус алынып келет.

Бул тууралуу Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасынын директору

Нурлан Койчубаков билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө автобустар жүрүүчү

10 каттам аныкталды. «Бул эски, калыбына келтирилген каттамдар.

Дээрлик бардык документтер даяр болду. Учурда тендердик комиссия түзүп жатат.

Ошондой эле Койчубаков, ордо калааны толугу менен камсыздоо үчүн

дагы 800 автобус сатып алуу керектигин кошумчалады.