Талас районунда дарыя ташып, Каракол айылынын бир бөлүгүн суу каптады

Талас районунда дарыя ташып, Каракол айылынын бир бөлүгүн суу каптады. Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине райондун акими Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, агын катуу болуп, 14 үйдүн короосуна суу кирди.

 

Жабыркагандар жок. Учурда жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, чыгымдарды тактап жатат. Атайын техниканын жардамы менен Талас дарыясынын нугу калыбына келтирилүүдө.