Кыргыз-казак чек арасында логистикалык борбор ачылат

Кыргыз-казак чек арасында логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына логистикалык борбор түзүү иштерин тездетүү тапшырылды.

 

Борбор ишке кирсе, Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан тоскоолдуксуз товар өткөрүүгө шарт түзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барып, кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.