Бишкек шаардык кеңешине 27 партия документ тапшырды

Бишкек шаардык кеңешине 27 партия документ тапшырды. Шаардык кеңештерге катыша турган партиялардын документтерин кабыл алуу 2-мартка караган түнү саат 12де аяктады.

 

Буга чейин БШКдан билдиришкендей, партиялар жана талапкерлер жергиликтүү аймактык шайлоого катышуудан 7-апрелге чейин баш тарта алат. бюллетендердин тести жана формасы бекитилгенге дейре арыз жазса, күрөө акысы кайтарылат. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо                 11-апрелде өтөт.