1-сентябрга чейин жарандар транспортко, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлккө салыктарды төлөшү керек

1-сентябрга чейин жарандар транспортко, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлккө салыктарды төлөшү керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

 

Жарандар төлөмдү каалаган банк кассаларында, почта бөлүмдөрүндө жана терминалдар, интернет банкинг жана башка жолдор менен жүргүзүшү керек. Өз убагында салык төлөнбөсө, жарандарга айып салынат, — дешти ведомстводон.