Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги жоюлду. Бизге радиого Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда анда кезек күткөн машинелер жок. Бекет кадимки режимде иштеп жатат.
Эске салсак, “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө 7-январдан баштап жүк ташуучу машинелердин узун кезеги байкалган. Буга Казакстан тараптын кошумча текшерүү киргизгени себеп болгон. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, ЕАЭБке кайрылган болчу.