Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү түйүнүнүн ондоо иштери декабрда аяктайт. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, кайра калыбына келтирүүнүн алкагында комплекс курулуп, заманбап техника менен камсыздалат.
Буга чейин түйүн аркылуу күнүнө 11 миң адам жана 1 миңдей унаа өтчү. Оңдоо иштеринен кийин анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү эки эсе көбөйөт. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү.