Кыргызстанда 14 оорукана курууга жана аларды оңдоп-түзөө иштерине 206,5 миллион сом сарпталат

Кыргызстанда 14 оорукана курууга жана аларды оңдоп-түзөө иштерине 206,5 миллион сом сарпталат.

Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, эки объектинин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 21 миллион сом бөлүнөт.

Алар —  Жалал-Абад жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы ооруканалар. Ал эми Бишкек,

Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу үч инфекциялык оорукананы тургузуу жана

тогуз объектини капиталдык оңдоо иштерине 185,5 миллион сом каралды.

Талапка ылайык бардык объектилер күз айларында салынып бүтүшү керек.