Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерге
сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын
премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана
Азим Иброхим катышууда. Кошумчаласак, кыргыз-тажик чек арасынын
жалпы узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 60 пайызы дагы эле
тактала элек. Эки өлкө жарандары ортосунда буга чейинки
жаңжалдар ошол себептен чыгып келген.