Кара-Кече кенинде жүргөн жер көчкү калкка көмүр жеткирүүгө залакасын тийгизбейт

Кара-Кече кенинде жүргөн жер көчкү калкка көмүр жеткирүүгө залакасын тийгизбейт. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кечээ 50 миң кубометрдей жер көчтү. Тилкеде быйыл көмүр казуу иштери жүргөн эмес, андыктан, жабыркагандар болгон жок. Окуя кара отунду өндүрүү жана аймактарга жеткирүү процессине таасир бербейт. Андыктан, көмүрдн жетишсиздиги боюнча тынчсызданууга себеп жок, — дешти ишканадан.