Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.
Учурда ал жердеги иштер токтотулуп эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп жатат – дешти
чек ара кызматынан. Эске салсак, кечээ Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы такталбаган аймакта
Тажикстандын жарандары суу түтүктөрүн орнотуп жатышкан. Кыргызстандык чек ара кызматкерлери
эскертүү берип, натыйжа чыкпагандыктан асманга ок атышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын
ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым. Анын 504 чакырымы гана делимитация болгон.
Калган такталбаган аймактар эки тараптагы калктын чатактарына себеп болуп келет.