Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлердин маселечи чечилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлердин маселечи чечилди.

Тажикстандын “Азия-Плюс” басылмасы билдиргендей,

кечээ эки өлкөнүн вице-премьер министрлери Акрам Мадумаров жана

Азим Иброхим 23 гектар жер тилкесин алмашуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Эми алмашылган жер эки өлкөгө 50 пайыздан тиешелүү болот.

Бирок келишимде кайсы жер экендиги тууралуу так айтылган жок.

Кошумчаласак, бул маселе боюнча кезектеги жолугушуу мартта өтөт.