Кыргызстан жана Тажикстандын Ички иштер министрликтери чек ара аймагында биргелешип кайгуул жүргүзүүнү макулдашты

Кыргызстан жана Тажикстандын Ички иштер министрликтери чек ара аймагында биргелешип кайгуул жүргүзүүнү макулдашты.

 

Биздин өлкөнүн ведомствосунан билдиришкендей, кайгуул тобуна кыргыз жана тажик милиция кызматкерлери кирип, жарандардын коопсуздугун камсыздап, алардын укуктарын коргоп, жаңжалдарды алдын алуу иштерин жүргүзүшөт.

 

Белгилеп кетсек, учурда чек ара райондорунда абал туруктуу. 52 ыкчам-тергөө тобу жабыркаган объектилерди текшерип бүтүп, материалдык зыянды тактоого киришти.