Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиршкендей, кытайлык тараптын демилгеси менен 11-февралдан  15-февралга чейин “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү иштебейт.

 

Ведомстводон эске салышкандай, аталган түйүндөр Кытайдан Кыргызстанга товарды гана өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн атайын алгоритм менен иштеп жатат.