“Сосновка” өткөрүү түйүнү жүк ташуучу унааларга жабык

“Сосновка” өткөрүү түйүнү жүк ташуучу унааларга жабык. novosti.kgге Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, чектөөлөр аба-ырайынын начар шарттарынан улам киргизилди.

 

Учурда Төө-Ашууда жана Суусамыр өрөөнүндө кар жаап, катуу шамал болуп жатат, трассада муз тоңгон. Жолчулар тынбай тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Буга карабай, авария коркунучу сакталууда. Андыктан, жүк ташуучу унаалар аба-ырайы жакшырганга чейин аталган багытта өткөрүлбөйт. Жеңил машинелер үчүн жол ачык, бирок коопсуз аралыкты сактоо керек.