Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү түйүнү аркылуу жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилди

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү түйүнү аркылуу жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилди. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чара трассалардын биринде таштар түшкөнүнө байланыштуу кабы алынды.

 

Кытай тарап учурда тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Пункттун ачылышы боюнча маалымат берилет.

 

Ошол эле учурда кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү бекети кадимки тартипте иштеп жатат.