Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды

Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды.

 

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Анын айтымында, тажик тарап кечээ кечинде Баткен аймагынан чыгып кетти.

 

Учурда кырдаал дагы эле курч. Тажикстан менен биргеликте абалды жөнгө салуу иштери жасалууда. Белгилеп кетсек, тажик тарап Лейлек районунун Достук айылындагы мектепти ээлеп алганы айтылган. Социалдык тармактарда кыргыз айылдарына кирип келип үйлөрдү өрттөп жаткан видео тараган.