Казакстан кыргызстандыктар үчүн чек арасын ача элек

Казакстан кыргызстандыктар үчүн чек арасын ача элек.

Novosti.kgге чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда өткөрүү

түйүндөр аркылуу бир гана оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлүүдө.

Ал эми кыргызстандыктар коңшу өлкөгө киргизилбейт, бир гана аба

жолдору аркылуу жетсе болот. Бирок Казакстанда жашап, анда каттоодо

тургандар, жакын туугандары, ата-энеси же балдары болгондор

чек арадан өткөрүлөт. Ведомстводон белгилешкендей,

Казакстандан кыргызстан тарапка жарандар эч тоскоолдуксуз өтө алышат.