“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эми ишкананы Дамир Моңолдоров башкарат.
Ал буга чейин Жети-Өгүз районунун акими жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп эмгектенген.