Салтанат Аманова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Салтанат Аманова Ош шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүн жетектеп келген.
Аталган кызматты буга чейин аркалаган Кайрат Иманалиев министр болуп кеткен соң бул орун бош турган.