Иши жок жүргөндөр аралыктан туруп эле жумушка орношуу бөлүмүнө катталып койсо болот

Иши жок жүргөндөр аралыктан туруп эле жумушка орношуу бөлүмүнө катталып койсо болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Буга чейин аталган бөлүмгө барып катталуу керек болчу, эми Zanyatost.kg. сайтына кирип каттоо деген жагынан арыз тапшырууга болот. Андан тышкары, сайттан бош жумуш орундарынын тизмесин же издеп жаткан иш боюнча электрондук арыз жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.