Нарын облустук ооруканасына балдар көп түшүп, орун жетишсиз болууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

Нарын облустук ооруканасына балдар көп түшүп, орун жетишсиз болууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган медициналык жайдын балдар бөлүмүндө 12 орун бар, учурда 2 бала пневмониядан, 5 бала сасык тумоодон дарыланып жатат, калган 5 орун бош турат.

 

Эске салсак, социалдык тармактарда Нарында балдар арасында пневмония күч алып, ооруканаларда орун калбай калды деген маалымат тарап жатат.