Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон турат

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 16:00гө карата чыңалуу бойдон турат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеме эртең мененки саат 8ден бери «Баткен районунда тажик тарап баштаган ок атышуулар болуп жатат» деп билдирген.

Маалыматка ылайык, Баткендин Булак-Башы, Как-Сай, Паскы-Арык аймагында маал-маалы атышуу болгон.

Учурда эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүнү улантып жатканы кабарланды.