Сузактагы селдин кесепетинен 25 үй авариялык абалга келди

Сузактагы селдин кесепетинен 25 үй авариялык абалга келди.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Барпы айыл аймагында 13, Атабеков айылында 10, Сузак айыл аймагында эки үй жарабай калды.

Эске салсак, 5-майда Сузак районунун 10го чукул айылында сел жүрүп, 650 үйдүн короо жайын суу каптаган.

Кырсык катталган күндөн тарта үзгүлтүксүз тазалоо аракеттери көрүлүп жатат.