Кыргызстанда өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөмгө 218 миллион сом бөлүндү.
Бул тууралуу Ички иштер миниcтрлигинен novosti.kgге билдиришти. Маалыматка ылайык, акчалар Бишкек,
Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Ат-Башы райондорунда өзгөчө абал шартында
иштеген милиция кызматкерлерине берилет. Каражаттын 209 миллион сому министрликке, 9 миллион сому
ведомствонун академиясына бөлүндү. Белгилеп кетсек, кызматкерлерге акчалар 3 айдан кийин берилип калат.