Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын 1,5 миңден ашык тургуну таза сууга мүмкүнчүлүк алды

Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын 1,5 миңден ашык тургуну таза сууга мүмкүнчүлүк алды. Инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин маалыматына ылайык, айылда таза суу системасы колдонууга берилди.

 

Долбоордун алкагында объектте скважина казылып, резервуар жана тосмолор курулду. Аны ишке киргизүүгө 33,5 миллион доллар жумшалды.