Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кышкы кийимдер берилди

Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кышкы кийимдер берилди.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы жыл алдында ата-энесиз балдарга, аз камсыз болгон,

көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына Амир-Тимур муниципалдык аймактык

башкармалыгы тарабынан кышкы жылуу кийимдер берилди. Башкармалыктын

башчысы Мухамадин Канатов бул аракет мэр Алмаз Мамбетовдун демилгесине

ылайык ишке ашырылып жатканын белгиледи. Аймактык башкармалык жеке

ишкерлерди, кайдыгер эмес жарандарды демөөрчүлүк кылууга чакырган.

Натыйжада 200 бала жылуу кийимдер менен камсыз болушту.