Кыргызстан 2021-жылы коррупцияны кабыл алуу индексинде позициясын начарлатты.
Эл аралык ачыктык уюмунун рейтинги боюнча, биздин өлкө 27 баллга ээ болду. Муну менен
183 өлкөнүн ичинен 148-орунду ээледи. Биз менен бир катарда Уганда жана Камерун жайгашат.
Салыштырмалуу айта турган болсок, коңшу өлкөлөр Казакстан – 37 балл, Тажикстан 25 балл алды.
Ал эми рейтингдин башында Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия жайгашат. Эң акыркы
катарда Сомали менен Сирия. Белгилеп кетсек, изилдөөдө Кыргызстанда
2012-2021-жылдар аралыгындагы коррупциянын деңгээли көрсөтүлдү.