Францияда экинчи жолу толук түрдө карантин киргизилди

Францияда экинчи жолу толук түрдө карантин киргизилди.

Бүгүнтөн тартып барлар, ресторандар жана бир катар ишканалар жабылды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, жазындагыдай эле

бул жолу өлкө тургундарына себепсиз үйдөн чыгууга болбойт. Бирок азык-түлүк

алуу үчүн, ооруканага барууга жана бир саат спорт көнүгүүлөрүн

сыртта жасоого уруксат берилет.